Жаңылоочу крем
- Продукт Коду: 650
Жаңыланган (R3 Factor® мурдагы аталышы) крем аркылуу тери табигый нымын сактап анын ийкемдүү жана жаңы көрүнүшүн калыбына келтирет. Бул кремде алоэ жалбырагынын ичиндеги таза алоэ вера гели, эригич коллагени, зайтун скваланы, альфа-гидроксикислоталары (AHA), A жана E витаминдеринин бай айкалышы бар.Булардын ар бири теринин сулуу жана кам көрүлгөн көрүнүшүн сактоодо маанилүү.
E- витамини — күчтүү антиоксидант, ал эми A -витамини теринин жалпы абалына пайдалуу таасир берет.
Зайтун скваланы теринин табигый нымын сактоого жардам берип, анын жумшактыгын жана ийкемдүүлүгүн калыбына келтирет.
Альфа-гидроксикислоталар (AHA), табигый өсүмдүк булактарынан алынган жана ошондой эле жемиш кислоталары деп аталган, териге ферменттик колдоо көрсөтүп, өлгөн клеткалардан арылууга жардам берет. Бул жемиш кислоталары эксфолиант катары иштейт: теринин бетиндеги клеткалардын байланышын жумшартып, табигый клей сымал бирикмелерди эритип, алардын кетишине өбөлгө түзөт. Бул клеткалар нымдандыруучу каражаттардын териге сиңишине тоскоолдук кылат, ошондуктан аларды бир калыпта тазалоо жаңы, сергек клеткаларды ачып, теринин табигый жаңылануу процессин ишке киргизет.
AHA кислоталары менен терини тынчтандыруучу алоэнин айкалышы терини убакыттын таасиринен коргоп, аны узак убакыт бойго жаш, жаркыраган абалда сактоого жардам берет.
Фактылар:
• Теринин табигый ным деңгээлин жана ден-соолуктагы текстурасын сактоого жардам берет.
• Теринин көрүнүшүн калыбына келтирип, жаңылайт.
• A жана E витаминдери менен байытылган.
Курамы:
Алоэ Барбаденсис жалбырагынын ширеси (Турукташтырылган Алоэ Вера гели), Суу, Бутиленгликол, Сквалан, Метилглуцет-20, Цетилдиметикон, Өрүк данегинин майы (Prunus Armeniaca), Глицерилстеарат, Полиакриламид, Токоферил линолеат/олеат, Токоферол ацетаты, C13-14 изопарафин, Натрий гиалуронаты, Гликол кислотасы, Лаурет-7, Камыш экстракты (Saccharum Officinarum), Лимон мөмөсүнүн экстракты (Citrus Limon), Апельсин мөмөсүнүн экстракты (Citrus Aurantium Dulcis), Алма мөмөсүнүн экстракты (Pyrus Malus), Кытай камелиясынын жалбырагынан экстракт (Camellia Sinensis), Ретинилпальмитат, Эригичтүү (суудагы) коллаген, PEG-100 Стеарат, Аскорбин кислотасы, Триэтаноламин, Диазолидинилмочевина, Метилпарабен, Пропилпарабен, Аромат (жыт берүүчү зат).
Колдонууга көрсөтмөлөр:
Бетти тазалагандан кийин, кремди бетке, моюнга жана муктаж болгон башка жерлерге сүртүңүз. Эң жакшы натыйжа үчүн эртең менен жана кечинде колдонуңуз. Эгерде капкактын алдындагы пломба жок же доо келген болсо, колдонуудан баш тартыңыз.
Көлөмү: 56,7 г.
Косметикалык каражаттар кандайдыр бир ооруну дарылоого же алдын алууга арналган эмес жана медициналык кеңешти же терапияны алмаштыра албайт. Теринин сыртынан гана колдонуу үчүн арналган.