Форевер С Витамини
- Продукт Коду: 686
Forever Vitamin C™ менен териге табигый жаркыроону бериңиз. Жеңил сүттөнгөн текстурасы бар бул каражатта клиникалык жактан сыналган 6% туруктуу формадагы С витамини бар. Ал теринин өңүн жарык көрсөтүп, тегиздөөгө жардам берет. Курамындагы алоэ вера жана жожоба териңизге кошумча азык берет.
ТЕТРАГЕКСИЛДЕЦИЛ АСКОРБАТ (С ВИТАМИНИ)
Жогорку туруктуулугу жана майда жакшы эригичтиги анын териге кам көрүү каражаттарында жумшак жана натыйжалуу иштешин камсыздайт. Күчтүү антиоксиданттык касиеттери терини сырткы факторлордон коргоого жардам берет. Теринин өңүн тегиздеп, аны сергек жана нурдуу кылып көрсөтөт.
ГИДРОЛИЗДЕЛГЕН ЖОЖОБА ЭФИРЛЕРИ
Теринин табигый нымдаштыруусун колдойт, аны жумшартып жана кам көрүлгөн кылып көрсөтөт.
АЛОЭ ВЕРА ГЕЛИ
Терини нымдап, жумшартуу менен дени сак жана кам көрүлгөн абалда кармайт. Алоэ Форевердин өз талааларында кол менен чогултулуп, жалбырактын ичиндеги таза гели жогорку технология боюнча асептикалык иштетүүдөн өтүп, сапаты жана жаңылгы сакталат.
Таза вегандык формуласы менен Forever Vitamin C бардык тери типтерине ылайыкталган жана кошумча жыт, фталат же сульфат камтыбайт. Ал Forever Bakuchiol™ менен идеалдуу айкалышат — бул түнкү бетке сүт терини жаңылоого жардам берет. Мындан тышкары, продукт башка Forever териге кам көрүү каражаттарын толуктап, күнүмдүк кам көрүүңүзгө оңой интеграцияланат.
Фактылар:
• Максималдуу натыйжа үчүн туруктуу С витамининин майда эригич формасы.
• Теринин өңүн агартып жана табигый жаркыроосун арттырат.
• Пигментациянын, майда бырыштардын жана сызыктардын көрүнүшүн азайтууга жардам берет.
• Теринин өңүн бир калыпка келтирет жана текстурасын жакшыртат, аны визуалдык жактан жылмакай кылат.
• Жеңил, жумшак текстурасы менен тез сиңет.
• Жыт, парабен, фталат жана сульфат камтыбаган вегандык формула.
• Бардык тери типтери үчүн күнүмдүк колдонууга ылайыкташкан.
• Дерматологдор тарабынан сыналган.
Курамы:
Алоэ вера жалбырагынын ширеси, суу, каприл/каприн триглицериддери, тетрагексилдецил аскорбат (туруктуу формадагы С витамини), пропандиол, глицерин, изосорбид дикарпилат, этил линолеат, полисорбат-20, пантенол, гидроксиацетофенон, аргинин, гидролизделген жожоба эфирлери, гидроксиэтил/натрий акрилоилдиметил-таурат акрилат сополимери, акрилаттар/С10–30 алкил акрилат кроссполимер, каприлгликоль, динатрий ЭДТА, С15–23 алкан, децилглюкозид, пентиленгликоль, гидролизделген соя протеини, калий сорбаты, гексиленгликоль, этилгексилглицерин, лимон кислотасы, С13–14 алкан, натрий бензоаты, аскорбин кислотасы, феноксиэтанол.
Колдонууга көрсөтмөлөр:
Кечинде тазаланган бетке жана моюнга 1–2 басым сыворотка сүйкөңүз. Натыйжасын күчөтүү үчүн андан кийин Forever нымдоочу кремин колдонуңуз. Каптамдагы пломбага доо келген же жок болсо колдонуудан баш тартыңыз. Көздүн ичине киргизип алуудан сактаныңыз, эгер кирип кеткен болсо жакшылап жууңуз. Эгер кычыштырса,колдонууну токтотуп, доктурга кайрылыңыз.
Көлөмү: 30 мл
Косметикалык каражаттар кандайдыр бир ооруну дарылоого же алдын алууга арналган эмес жана медициналык кеңешти же терапияны алмаштыра албайт. Теринин сыртынан гана колдонуу үчүн арналган.